Жолчулар Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында нөөмөт жүргүзүүдө

Жолчулар Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында нөөмөт жүргүзүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, атайын техника тартылып, трасса кардан тазаланып жатат.

 

Ошондой эле, инерттүү материал себилүүдө. Алыскы сапарга чыга турган айдоочулар сөзсүз түрдө дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, унаасынын техникалык абалын текшерип, жол эрежелерин сактап жүрүшү керек. Тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү дагы сунушталат.