Бишкекте дээрлик 2 миң ишкерлик керектөөчү карыздан улам электр энергиясыз калышы мүмкүн

Бишкекте дээрлик 2 миң ишкерлик керектөөчү карыздан улам электр энергиясыз калышы мүмкүн.

“Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, өчүрүүлөр 28-декабрда болот. Ишкерлерге

ыңгайсыздыкка кабылбаш үчүн электроэнергияга болгон карыздарды мөөнөтүнөн кечикпей төлөө сунушталат.

Бөлүштүрүүчү компаниядан белгилешкендей, анын расмий сайтында “Керектөөчүнүн балансы”

рубрикасы бар. Андан бардык жарандар өздүк эсебинин абалын көрө алат.