Президенттин жардамчысы Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болду

Президент Сооронбай Жээнбеков өз буйругу менен жардамчысы Абдулазим Курмановду Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары кылып дайындап, мурда ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

 

Ачык булактарда Абдулазим Курмановдун юрист, дипломат, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси экендиги белгиленип жүрөт.

 

Курмановго чейин Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп турган Калыбек Алышбаев кызматынан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган.