Ош шаарында уруштан жабыркаган өспүрүмдөр боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ушул жумада Панфилов атындагы
мектептин окуучулары ортосундагы кайым айтышуулар бири-бирин жөөлөп кетүүдөн чыккан.
Натыйжада шектүү жабырлануучуга карата миздүү курал пайдаланган. Алардын жараты
жеңил болгондуктан алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ошол эле күнү үйүнө чыгарылган.
Кылмышка шектүү катары 2003-жылкы жаран кармалып, жашы жете элек болгондуктан
үй камагына кое берилди. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.