Москвада кыргызстандык мигранттарды өлкөгө жөнөтүүнү убадалап, алдоого шектүү жаран кармалды

Москвада кыргызстандык мигранттарды өлкөгө жөнөтүүнү убадалап, алдоого шектүү жаран кармалды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 28-июлда ведомствонун Россиядагы өкүлчүлүгүнө

Баткен облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал 10-июлда Кыргызстандын Россиядагы

элчилигинин консулдук кызматына мекенине кетүү үчүн тизмеге катталууга келген.

Имараттын алдында ага бейтааныш жигит келип, тизмеге киргизүүнү убадалап,

акча алган соң изин жашырып кеткен. Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп

30 жаштагы Чүй облусунун тургуну аныкталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.