АКШ президенти Жо Байден Дональд Трамптын иммигранттар боюнча жарлыгын жокко чыгарды


АКШ президенти Жо Байден Дональд Трамптын иммигранттар боюнча жарлыгын жокко чыгарды.

Эске салсак, Трамп былтыр америкалык жумушчуларды коргоо максатында 2020-жылдын аягына чейин

айрым категориядагы чет элдиктерге АКШ аймагына кирүүгө тыюу салган. Кийин ал жарлыгын

ушул жылдын апрелине чейин узарткан. Бир гана АКШнын жарандыгын алган чет өлкөлүктөргө

21 жашка чыга элек балдарын жана жубайын алып келүүгө уруксат берилген. Ошондой эле

саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда иштегендерге жумушчу виза менен кирүүгө

тыюу салынган. Грин картага ээ болгондорго да ушундай чектөөлөр тиешелүү болгон.