Ош шаарында жарандарды көзөмөлгө алуу күчөтүлдү

Ош шаарында жарандарды көзөмөлгө алуу күчөтүлдү.

Бул тууралуу шаардык комендатуранын маалымат кызматынын жетекчиси

Жеңишбек Аширбаев билдирди. Анын айтымында, кошумча түйүндөр ар бир

чарчы тилкенин кире беришине орнотулду. Көрүлгөн чаралар, жарандар карантин

режимин сактабай жатканына байланыштуу. Кошумчаласак, 1-майдан тартып иштей

баштаган 53 ишкана жана 3 эт сатуучу жай санитардык талаптарды

сактабагандыгы үчүн кайрадан убактылуу жабылды.