“Жеңиш эстафетасынын” символу Ошко жетти.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында, эстафета Кыргызстандын аймагында
2-майдан 7сине чейин Бишкек жана Ош шаарларынан өтөт. Ал 7-майда «Бордөбө» чек ара
бекети аркылуу Тажикстандын чек арачыларына өткөрүлүп берилет. Акция 28-майда
Москвада «Белгисиз жоокердин күмбөзү» мемориалдык комплексинде соңуна чыгат.
Эстафета бизге Казакстандан өткөрүлүп берилген.