Бишкектеги Кайгуул милициянын кызматкерлери эми жаңы планшеттер менен иштеп башташты

Бишкектеги Кайгуул милициянын кызматкерлери эми жаңы планшеттер менен иштеп башташты.

Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, анда  издөөдөгү жарандар жана бузуулар тууралуу маалыматтардын базасы бар.

Бул максатта жалпысынан 40 даана электрондук планшет таратылды.

Милиционерлер бул жабдуунун жардамында издөөдөгү жаранды бат аныктап,

зарыл болгон маалыматтарга ыкчам жетишет.