Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилиги Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүү чечимин кабыл алды

Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилиги Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүү

чечимин кабыл алды. Каражат коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюуга берилет.

Сумманын жарымы грант түрүндө, калган бөлүгү жеңилдетилген насыя катары келет.

Акчалар саламаттыкты сактоо тармагына, аз камсыздалган жарандарга,

кичи жана орто бизнести колдоого багытталат. Ошондой эле кризиске

кабылган экономиканын туруктуулугун камсыздоого сарпталат.