Мамлекеттик салык кызматы маалыматтык системага айрым өзгөртүүлөрдү киргизди

Мамлекеттик салык кызматы маалыматтык системага айрым өзгөртүүлөрдү киргизди. Эми салык санкциялары автоматтык түрдө кабыл алынбайт, салык милдеттерин өз учурунда төлөбөө үчүн туум чегерилбейт.

 

Мындай өзгөртүүлөр 2020-жылдын март айынан июнь айына чейинки отчетторго тиешелүү болот. Белгилеп кетсек, буга чейин жеке ишкерлер мыйзам киргизилгенине карабай, автоматтык түрдө эсептеген программа айыптарды эсептей берген. Учурда программалык камсыздоого дагы өзгөртүүлөр киргизилди.