Казакстан Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү максатында гуманитардык жардам жөнөтөт. Коңшу өлкөнүн премьер-министринин маалымат кызматынан билдиришкендей, өпкөнү жасалма дем алдыруучу 400 мобилдик аппарат жана 2 миллион беткап берилет.
Гуманитардык колдоо боюнча мындай чечим кыргыз тараптын расмий түрдө кайрылуусунан кийин кабыл алынганы белгиленген.