“Сосновка” жана “Арал” посттору убактылуу жабылат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө аймагында күтүлүп
жаткан жаан-чачынга байланыштуу аталган өткөрүү түйүндөрүндө бүгүн,
эртең кечки саат 10дон тартып таңкы саат 6га чейин унаалардын бардык
түрүнө кыймылга чектөө киргизилет. Ведомстводон белгилешкендей,
Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Андан улам,
бул күндөрү жарандарга алыскы сапарга чыгуудан баш тартуу сунушталат.