Ошто 21-мартта 2 тонна сүмөлөк кайнатылат

Ошто 21-мартта 2 тонна сүмөлөк кайнатылат. Novosti.kgге мэриядан билдиришкендей, Нооруз майрамы түштүк калаада быйыл өзгөчө оюн-зоок менен коштолуп, борбордук аянтты курчаган имараттар толугу менен жасалгаланат.

 

Майрамдык салтанатты уюштурууга 1 миллион сомдон ашык бөлүндү. Иш-чара кечкисин шоу-концерт менен жыйынтыкталат.