Ордо калаанын айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Ордо калаанын айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт.

 

“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Чүй, Манас проспектилеринде, Тоголок Молдо, Рыскулов, Орозбеков, Исанов, Курманжан Датка, Салиева көчөлөрүндө жана Арча-Бешик, Ак-Тилек конуштарында жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.