Президент Садыр Жапаров карыяларды куттуктады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-октябрь, Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Ал мамлекет жана коом карыялардын кем-карчына, суроо-талаптарына ар дайым көңүл буруп турушу зарыл экенин белгилеген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Эли-жерибиздин руханий баалуулуктарын, улуттук нарк-дөөлөттөрүн, ыйык касиеттерин көөнөртпөй сактап, жаш муундарга мурастап жатканыңыздар — Кыргызстандын баа жеткис байлыгы. Карыяларыбыздын айткан акыл кептери менен даанышман ойлору келечекке багыт алган жолдо шам чырак болуп берет», — деген Жапаров.

Кыргызстандын калкынын 8% улгайган адамдар түзөт. Өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу жаштагылардын жалпы саны 513 миң адамды түзөт. Бул сан үч жыл мурдагыга салыштырганда 66 миңге көп.

Кыргызстанда аялдар пенсияга 58 жашка, ал эми эркектер 63 жашка жеткенде чыга алат.

Жыл сайын 1-октябрда дүйнөдө улгайган адамдардын күнү белгиленет. Карылардын жашоосуна коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында бул күндү жыл сайын белгилеп туруу жөнүндөгү чечим 1990-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган. Жыл сайын бул күндү утурлай түрдүү кайрымдуулук акциялары уюштурулуп турат.