Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө 29 жыл

Кыргызстан мурдагы СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыздыгын жарыялаганына 29 жыл толду. 31-августта Эгемендик майрамы белгиленет.

Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасына өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.

 

Бул датага байланыштуу жыл сайын Бишкек шаарында жана аймактарда майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул ирет пандемиядан улам баш калаанын Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарага адамдар киргизилбейт. Президент Сооронбай Жээнбеков катышкан бир сааттык расмий бөлүк телеканалдарда түз ободо көрсөтүлөт.

 

Салтанат түнкү саат ондо салют менен жыйынтыкталат.