Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылында футбол аянты пайда болду.
Ал Атамбаев атындагы мектептин карамагына курулуп, билим берүү мекемесинин
балансына өткөрүлүп берилди. Спорттук аянтчаны курууга дем берүүчү грант тарабынан
2 миллион 300 миң сом бөлүнгөн. Учурда футбол талаасы пайдаланууга берилди.