Ош шаарында күнү-түнү иштей турган стационар ачылды.
Медициналык жардам көрсөтүү үчүн убактылуу мекеме Алишер Навои
атындагы мектептин спорт залында уюштурулду, — деп билдиришти
түштүк калаа мэриясынын басма сөз кызматынан. Анда дарыгерлер
кайрылган бейтаптарга жардам көрсөтөт. Алдыда шаардын башка
кичи райондоруна да стационар ачуу пландалууда, — деп кошумчалашты
муниципалитеттен. Белгилеп кетсек, Ош облусу дагы кызыл зонага кирди.