Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө калкына кайрылуу жасайт.
Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, иш-чарага бийлик өкүлдөрү,
Жогорку Кеңеш депутаттары жана коомдук-саясий ишмерлер катышат.
«Пандемияга байланыштуу чакырылгандар коронавируска карата ПЧР-анализ тапшырышты,
иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулуп жатат.
Кайрылууну Коомдук телеканал түз көрсөтөт», деп айтылат маалымат.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-апрелде жыйынга чогулуп, Конституция тууралуу референдумдун жыйынтыгын бекиткен.
Ага ылайык, референдумга добуш берчү жарандардын жалпы саны 3 606 201ди түзгөн. Анын 36,66 % (1 322 124) шайлоого катышкан.
Добуш бергендердин 79,32% (1 048 660) Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган
Конституциянын долбоорун колдогон. Калган 13,72 % (181 370) каршы добуш берген.
Буга чейин жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийликтин бир колго топтолушуна жол ачат деген сын-доомат айтылган.
Конституциялык реформаны жактагандар Кыргызстанда 10-январдагы референдумда шайлоочулардын
80% президенттик башкаруу системасын колдошконун, ага жараша жаңы Баш мыйзам иштелип чыкканын белгилеп келишет.