Кыргызстанда доллардын куну түшүп жатканы менен мурдагы калыбына, тагыраагы, 84 сомдук позицияга кайтып келбейт. Бул тууралуу Novosti.kgге экономист Элдар Абакиров билдирди.
Анын айтымында, мындан ары серпилүү 2-3 сомго гана айырмаланышы мүмкүн. Кайрадан жогорулап кетүү ыктымалдуулугу дагы бар. Эске салсак, бир катар коммерциялык банктарда АКШ валютасы бир сутка ичинде 3-3,5 сомго арзандады.
Учурга карата доллар 96 сомго сатып алынып, 99 сомго сатылууда. Улуттук банк тарабынан расмий курс 104 сом 96 тыйын деп белгиленген.