Ошто Ак-Буура дарыясынын жээктери бекемделүүдө

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээктери бекемделүүдө. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, жеринде 20 миң куб араван ташы төшөлдү. Андан тышкары, санитардык тазалоо жүргүзүлүп, жээк көрктөндүрүлдү.

 

Бул максатта 10 атайын текхника жана 40 кызматкер тартылды. Ак-Буура дарыясын бекемдөө иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз тургузулган объектилер алынды.