Кыргызстанда виртуалдуу мал базар популярдуу болууда

Кыргызстанда виртуалдуу мал базар популярдуу болууда. Эпидемиологиялык абалдан улам базарлардын бардык түрү жабылган. Бирок учурда малчылар анын жолун таап, соода-сатыкты онлайн жүргүзө баштады.

 

Сүйлөшүү телефон аркылуу жүрөт, малды көрүү үчүн видеочалуу болот, ал эми баасы кат жазышууда чечилет. Сатылып алынган жаныбарды үйгө чейин жеткирүү кызматы дагы бар.

 

Болгону, сатуучу менен кардар бир облустун тургундары болушу керек.