Польшада футбол беттеши өзгөчө ыкма менен токтотулду. Жолугушуу кызып жаткан учурда оюн талаасына парашют менен адам конду.
Калыс стадиондо парашюттун жиптерине чырмашып калган 23-оюнчуну көрүп, беттешти токтотууга аргасыз болду.
Алаңдаган парашютист сары кагаз алып, оюн талаасынан четтетилди. Андан кийин гана футболчулар оюнду уланта алды.