Ошто алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды

21-май күнү Ош шаарында алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Мелдеш 23-майга чейин уланат. Ага 11 мамлекеттен 300гө жакын спортчу катышууда. Алардын арасында Монголия, Казакстан, Индия, Түркмөнстан, Иран, Жапония, Өзбекстандан келген балбандар бар.

 

Спортчулар 20дан ашык салмак категориясында күч сынашат. Эркектер жана кыз-келиндер арасында алыш бел боо күрөшү боюнча чемпионатта 24 комплект медаль ойнотулат.

 

Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул иш-чара 2022-жылдын сентябрында Изник шаарында (Түркия) өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоонун экинчи этабы болуп саналат. Оюндар 23-майда аяктайт.

 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет.