Бишкектин “Чыгыш-5” кичи районунда спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекс курулат

Бишкектин “Чыгыш-5” кичи районунда спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекс курулат. Мэриянын маалыматына ылайык, объектте 3 спорттук залы, кийинип-чечинүүчү жайы, кеңсе имараттары жана санитардык бөлмөлөрү болот. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 50 миллион сомду түзөт.

 

Каражат шаар бюджетинен бөлүнөт. Курулуш иштер келе жаткан жылдын соңунда аяктайт деп пландалууда.