Ошто быйыл ишкерлерди тейлөө борбору ачылат

Ошто быйыл ишкерлерди тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, түштүк калаада жана өлкөнүн дагы эки аймагында ишкерлерди колдоого багытталган борборлорду куруу демилгесин министрлер кабинети көтөргөн.

 

Объектилер качан ачылат белгисиз. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, ишкерлерди тейлөө борборунун башкы максаты – бизнесмендерге сапаттуу жана ыкчам кызмат көрсөтүү.