Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүндө чектөөлөр киргизилди

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүндө чектөөлөр киргизилди. Анын Горький – Медеров тилкесинде оңдоо иштери жүргүзүлөт, — дешти мэриядан.

 

Маалыматка ылайык, кайра калыбына келтирүүнүн алкагында көчө кеңейтилип, жалпысынан   9 метрге жетет, ал эми жалпы узундугу дээрлик 2 чакырым. Кийин муниципалитет көчөнү оңдоону улантуу ниетинде, бирок анын Ахунбаевден Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүн.

 

Эске салсак, иштер кытайлык гранттын эсебинен жүрүүдө.