“Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги абал жакынкы арада жөнгө салынат

“Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги абал жакынкы арада жөнгө салынат.

Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө өкүлдөрү ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, акты түзүлдү.

Мындан тышкары, Казакстандын тиешелүү мекеме жетекчилери 2 күндүн ичинде

“Чалдовар” өткөрмө бекети ачыларына убада берди. Эске салсак, «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде

кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 300гө жеткен.

Буга казак тараптын кошумча текшерүүлөрү себеп.