Бишкектин Рухий-Мурас конушунда мектептин курулушу башталды

Бишкектин Рухий-Мурас конушунда мектептин курулушу башталды. Президент Садыр Жапаров жаңы имаратты курууга капсула салды. Өлкө башчы белгилегендей, 17 жыл мурда негизделген жаңы конушта ушул күнгө чейин мектеп болгон эмес.

 

Кошумчаласак, жалпы билим берүү мекемесин курууга республикалык бюджеттен 203 миллион сомдон ашык каралды. Мектеп окуучуларга каалгаларын ушул жылы ачып калат.