Кыргызстан бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр

Кыргызстан бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Түрксой маданияты эл аралык уюмунун генералдык катчысы Султан Раев менен жолугушууда билдирди.

 

Эске салсак, алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 8 жыл мурда өткөн. Ал эми төртүнчү оюндарды өткөрүү укугу Түркияга өткөрүлүп берилген.