Ошто эртең жылуулук сезону жыйынтыкталат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, тиешелүү жарлыкка мэр кол койду. Батирлерге жана социалдык объектилерге жылуулук берүү күн ысып баштаганына байланыштуу токтотулат.
Белгилеп кетсек, соңку 5 күн катары менен аба табы +8 градустан жогору болуп жатты.