Кыргызстанда вакцинация баштала элек

Кыргызстанда вакцинация баштала элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен жарыялашты. Андан белгилешкендей, учурга карата соңку даярдыктар көрүлүүдө.

 

Медицина кызматкерлери атайын окуудан өтүп, биринчи кезекте эмделе тургандардын тизмеси түзүлүп жатат. Вакцина аллергиясы бар жарандарга жасалбайт. Эске салсак, кытайлык “Синафарм” вакцинасы Кыргызстанга 150 миң доза өлчөмүндө 19-мартта жеткирилди. Бул көлөм 75 миң адамды эмдөөгө жетет.