Ошто мыйзамсыз курулган 800 үйгө техникалык паспорт берүү башталды

Ошто мыйзамсыз курулган 800 үйгө техникалык паспорт берүү башталды.

 

Бул тууралуу түштүк калаанын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жапалактагы 13 айылда 800гө жакын үй мыйзамсыз курулганы маалым болгон.

 

Анын ичинен 300 турак жайга техникалык изилдөө жүргүзүлдү. Учурда калган үйлөрдө да мобилдик топтор иш алып барууда.