Ордо калаага 520 жаңы автобус алынат

Ордо калаага 520 жаңы автобус алынат.

Бишкекке көп орундуу жаңы автобустар лизинг шарты менен алып келинерин

мэриянын маалымат кызматы билдирди. Жаңы автобустар шаардын борборун

маршруттардан арылтууга мүмкүнчүлүк берет, өзгөчө Чүй — Ибраимов — Бөкөнбаев — Жаш гвардия

тилкелерин бошотуу каралууда. Экологиялык тазалыгына карап газ менен жүрүүчү коомдук унаалар

сатып алынат. Белгилеп кетсек, азыр ордо калаада 477 автобус бар, алардын 190унун гана

абалы жакшы. Күн сайын линияга 12 каттам менен 135 унаа жүргүнчүлөрдү ташыйт.