Бул жылы карантинге байланыштуу конок чакырып ооз ачуу өткөрүүгө болбойт

Бул жылы карантинге байланыштуу конок чакырып ооз ачуу өткөрүүгө болбойт.

Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал белгилегендей, бул жылы орозо өлкөдө өзгөчө абал киргизилген учурга туш келди,

мындан улам жарандар үйдө болушу керек. Эске салсак, кыргыстанда

Ыйык Рамазан айы эртең башталат. Ал эми республиканын айрым

аймактарындагы өзгөчө абал 30-апрелде соңуна чыгат.