Ошто жаңы бала бакча пайдаланууга берилди.
Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, мектепке чейинки
даярдоо мекемеси Дача кичирайонунда жайгашат. Бакча эки кабаттуу жана
ал 75 бөбөккө чакталды. Курулуш иштери 5 айга созулуп, мекемеде
балдарды тарбиялоого бардык шарттар түзүлдү.