Кыргызстан менен Тажикстандын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө бир нече макулдашуу жетишилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Эки өлкөнүн делегациясы чыр-чатак башталган Төрт-Көчө аймагында жолугушуп, ок атууну токтотууну, эки тарап чек арага тартылган күчтөрдү туруктуу жерлерине алып кетүүнү, Баткен-Исфана жолунда кыймылды жандантууну жана чек араны биргелешип кайтарууну макулдашты.
Учурда Баткен — Исфана жолунду унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.