Россия Кыргызстан мектептерине кийинки жылы 150 мугалим жөнөтөт

Россия Кыргызстан мектептерине кийинки жылы 150 мугалим жөнөтөт. Тиешелүү макулдашуу эки өлкөнүн Билим берүү министрликтери ортосунда “Россиялык мугалим чет өлкөдө” долбоорунун алкагында жетишилди.

 

Андан тышкары, республикада курулган мектептердин бири боюнча макулдашууга кол коюлду. Анда окуу орус тилинде жана россиялык билим берүү стандарттары менен жүргүзүлөт.