Кыргызстанда дагы 100 мектептин биринчи классынын окуучулары ысык тамак менен камсыздалды

Кыргызстанда дагы 100 мектептин биринчи классынын окуучулары ысык тамак менен камсыздалды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул максатта каржылык колдоону Россия өкмөтү жана эл аралык уюмдар көрсөттү.

 

Ошондой эле, 249 мектепке байытылган ун жеткирилди. Белгилеп кетсек, өлкө мектептеринин 70 пайызы тиешелүү жабдуулар менен камсыздалып, окуучуларга ысык тамак берилет.