Оштогу “Сүрөттүү-таш” эстелиги асман алдындагы музей болушу күтүлүүдө.
Маданият министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, Кара-Суу районунун
Кызыл-Кыштак айылындагы археологиялык эстеликтин ландшафтын сактоо
үчүн иш-чаралар аткарылат. Ошондой эле эстеликтин жер тилкесин тарыхый-маданий
мурас катары аныктап, керектүү документация иштерин бүтүрүү зарыл.
Аталган археологиялык эстелик аска беттерине биздин заманга чейинки
III кылымдын, биздин замандын V кылымына таандык ат, бугу,
тоо эчкинин жана илбирстин сүрөттөрү тартылган.