Кыргызстанда кинотеатрларды ачуу маселеси жакынкы арада жыйында каралышы ыктымал

Кыргызстанда кинотеатрларды ачуу маселеси жакынкы арада жыйында каралышы ыктымал.

Бул тууралуу Республикалык штабдан novosti.kgге билдиришти. Маалыматка караганда,

ордо калаадагы кинотеатрлардын ачылышы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша болот.

Буга карата бир катар санитардык-гигиеналык талаптар иштелип чыгат. Мындан кийин гана аларга иштөөгө

уруксат берүүнү карашат. Эске салсак, өлкөдө март айында карантинден улам бардык кинотеатрлар ишин токтоткон.