«Шамбала» тасмасы Испаниядагы эл аралык кинофестивалга катышат

Кыргызстандык режиссёр Артыкбай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы

Испаниядагы эл аралык кинофестивалга катышат. «Кыргызфильм» киностудиясынан

билдиришкендей, иш-чара 24-сентябрдан 9-октябрга чейин өтөт. Анда биздин тасма

толук метраждуу бөлүктө ат салышат. Кошумчаласак, «Шамбала» тасмасы

Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.

Кинокартина буга чейин  «КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты

тасмасы», «Ника» жана «Мыкты режиссура» сыйлыктарына татыган.