Парламент “Шайлоолор жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү карап, президенттик шайлоолордун күнүн белгилейт

Парламент “Шайлоолор жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү карап, президенттик шайлоолордун күнүн белгилейт. Депутаттар кезексиз жыйынга жакынкы арада чогулат, — деди Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев.

 

Анын айтымында, массалык башаламандыктар шайлоолордун жыйынтыгына нааразылыктар үчүн келип чыкты. Андыктан, депутаттар бир нече маанилүү суроолорду дагы карашы керек. Алсак, шайлоо босогосун төмөндөтүү,  күрөө суммасын азайтуу жана добуш берүүдө Форма 2 арызын жокко чыгаруу.