Сулайман-Тоодогу бак-дарактын кыйылышы текшерилип жатат

Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун аймагында 55 түп бак-дарак кыйылганы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош шаардык башкармалыгынын башкы инспектору Адилбек Матисаков «Азаттык» радиосуна билдирди.

«Майда бадалдардан 55 түп кесилген. Анын ичинен 12си куурап калган дарак, 43ү өсүп турган дарак экени аныкталган.

Өсүмдүктөргө келтирилген зыян боюнча 33 313 сом доо коюлду. Иш Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Кийин прокуратура ишти милицияга өткөрүп берди», — деди Матисаков.

«Сулайман-Тоо» музей-комплексинин жетекчилиги куурап калган бак-дарактар кыйылганын, тазалоо иштери жыл сайын жүргүзүлө турганын билдирип жатат.

Аталган комплекс 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Ага жыл сайын 100 миңге чукул зыяратчы келет. Музейдин жалпы аянты 134 гектарды түзөт.