Нарында балык уулоого кеткен эки кишини издөө уланууда

Нарын облусунун Жумгал районунда балык уулоого кеткен 2 кишини издөө иштери дагы деле улантылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын 1978-жылы туулган жана 1977-жылы туулган тургундары Өрнөк айылында жайгашкан Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен.

 

Алар ошол күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Издөө иштери күн сайын жүргүзүлүп жатканын аталган мекемеден кабарлашты.