Украинада мышыктарды кучактоочулар ваканциясы ачылды

Украинанын Черкассы шаарындагы ветеринардык клиникалардын биринде

мышыктарды кучактоочулар ваканциясы ачылды. Стационардык клиникада ар дайым

10дой мышык жайгашып, аларга көңүл буруу жетишпей келет.

Адам мышыктарды сылап, позитивдүү көңүл бурса жаныбардын стресстеги абалы

жакшырат дешти дарыгерлер. Клиникадан белгилешкендей, бош орундарга

кызматкерди кабыл алууда жаныбарларга сүйүүсүнүн күчтүүлүгү негизги критерий катары каралат.