Улуу Британиялык Крис Хилл интернетте “Планетадагы эң токтоо адам” деп аталды

Улуу Британиялык 52 жаштагы Крис Хилл интернетте “Планетадагы эң токтоо адам” деп аталды.

Мындай жыйынтыкка социалдык тармактын колдонуучулары Twitter ге

жарыяланган видеодон кийин келишти. Портсмут шаарындагы тез тамактануучу жайда

Крис жаңжалдуу мушташка күбө болгон. Ал эми интернет колдонуучуларды анын каамырабаган,

сабырдуу мүнөзү таң калтырды. Ал жада калса ордунан козголбой, эч кандай реакциясыз

өз тамагын жеп отурган. Ал эми аталган тасма бир нече күндүн ичинде эле 20 миллион жолу көрүлүп,

колдонуучулар абалга баа беришкени тууралуу комментарий калтырышты.