Кыргызстанда быйыл 61 миң 546 окуучу мектепти аяктап жатат

Кыргызстанда быйыл 61 миң 546 окуучу мектепти аяктап жатат. Алардын  6,5 миңден ашыгы Бишкекке туура келет. Ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 103 миңди түзөт.

 

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Эске салсак, быйыл жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылы салттуу түрдө 25-майда аяктайт.