АКШда планетадагы эң ылдам жүрүүчү унаа сатылууда

АКШда планетадагы эң ылдам жүрүүчү унаа сатылууда.

Бир орундуу стримлайнердин баштапкы баасы 19 миң долларды түзөт.

Техниканын кузову алюминийден жасалган. Унаа өзүнө карбондук токтотмо

дисктерди жана атайы парашютту камтыйт. Күйүүчү май катары бензинден

тышкары башка дизелдик отундарды пайдаланса болот. Стримлайнер биринчи

рекордун 2004-жылы жараткан. Айдоочу анда саатына 497 чакырымды басып өткөн.

Ал эми башкы рекорд 2010-жылы жаңыланды. Мында анын ылдамдыгы саатына

658 чакырымга чейин жогорулады. Бул рекорд учурга чейин сакталууда.